Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:37

"Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырды. Бул тууралуу уюм бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

“Казакстан бийликти сындагандардын жана өзгөчө ойлонгондордун оозун басуу боюнча көп жылдык тажрыйбасы менен белгилүү. Кыргызстандын бийлиги Тунгышбаевдин Казакстанга экстрадицияланышына жол бербеши керек”, - деп билдирген укук коргоо уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өкүлү Мира Ритман.

Укук коргоо уюму Кыргызстан БУУнун Кыйноого каршы конвенциясы менен Саясий жана жарандык укуктар боюнча эл аралык пактынын катышуучусу экенин эске салып, Тунгышбаевди өз өлкөсүнө кайтаруу бул документтерге каршы келерин белгилеген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

21-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон чечимин чыгарган.

Тунгышбаевдин адвокаттары бул чечимге каршы сотко кайрылган. Алардын арызы бүгүн Октябрь райондук сотунда каралат. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG