Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоого байланыштуу нааразылык акциясына чыкты. Ал кыргыз бийлигинен Тунгышбаевге башпаанек берүүнү талап кылып жатат. Токтонасыровдун айтымында, блогердин башпаанек суроо маселесинде УКМК жолтоо болуп жатат.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тынгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Жергиликтүү укук коргоочулар активисттин өткөрүлүп берилишине каршы болуп жатышат. (TSh)