Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Кишиневдо нааразылык демонстрациялары уланат


Молдованын "Ар-намыс жана чындык платформасы" партиясынын лидери Андрей Нэстасе кызы Анна менен шайлоодо добуш берип жатат. 3-июнь, 2018-жыл.
Молдованын "Ар-намыс жана чындык платформасы" партиясынын лидери Андрей Нэстасе кызы Анна менен шайлоодо добуш берип жатат. 3-июнь, 2018-жыл.

Бүгүн Молдованын баш калаасы Кишиневдо нааразылык акциялары уланары кабарланды. 25-майда Молдованын Жогорку соту баш калаанын жетекичисин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. 3-июнда өткөн шайлоонун экинчи айлампасында батышчыл саясатчы Андрей Нэстасе жеңип чыккан.

Дүйшөмбүдө нааразылык акциясына чыккандар Жогорку соттун алдына топтолуп, “Революция!” деп кыйкырып жатышты. Нэстасе тарапкерлерин шейшембиде да соттун алдына келүүгө чакырды.

19-июнда сот эки талапкер тең "добуш берүү жүрүп жаткан күнү социалдык сайттарда үгүт өнөктүгү жүргүзүлгөн" деген негизде шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

3-июндагы шайлоонун экинчи айлампасында Нэстасе 52,5% добуш менен социалисттик партиянын талапкери, орусиячыл саясатчы Ион Чебанды утуп чыккан.

21-июнда апелляциялык сот социалдык медиадагы "мыйзамсыз өнөктүк шайлоо жыйынтыгына таасир эткен" деп тапкан.

Жогорку сот Молдованын мыйзамына ылайык, баш калаанын башчысын шайлоону 2019-жылга жылдырды.

Нэстасе соттун чечими “саясатташканын” айтып сындады. Добуш берүү күнү ал өзү, атаандашы Чебан да үгүт өнөктүгүн жүргүзүшпөгөнүн айтып, шайлоочуларды добуш берүүгө чакырышканын билдирди.

АКШнын Кишеневдогу элчилиги "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган билдирүүдө Жогорку соттун чечимин сындап, “эркин, адилет жана таза шайлоо демократиянын негизин түзүп, эл аралык эрежелерге шайкеш келиши” керек экенин эске салды.

XS
SM
MD
LG