Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Роухани: Иран экономикалык санкцияларга "туруштук берет"


Дүйшөмбүдө Тегерандагы эски базарда чыккан нааразылык акциясынын катышуучулары. 25-июнь, 2018-жыл.
Дүйшөмбүдө Тегерандагы эски базарда чыккан нааразылык акциясынын катышуучулары. 25-июнь, 2018-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөт Кошмо Штаттар киргизген экономикалык санкцияларга "туруштук бере алат" деп өз элине убада берди. Бир күн мурда соодагерлер парламент имаратынын алдына чогулуп, улуттук валютанын наркы кескин төмөндөп кетишине нааразылык билдиришкен.

Вашингтон Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк макулдашуудан чыкканын жарыялагандан кийин, Тегеранга каршы экономикалык санкциялар кайра калыбына келтирилерин билдирген.

Роухани санкциялар өкмөттүн кирешесине тоскоолдук боло албаганын айтып, риал “маалымат каражаттарындагы чет өлкөлүк үгүттүн айынан кунун жоготконун” билдирди.

Роуханинин администрациясына жакын саналган Иран студенттеринин жаңылыктар агенттиги (ISNA) бир доллардын алмашуу курсу 60-65 миң риалга барабар деп жарыяланарын 25-июнда кабарлады.

Дүйшөмбүдө полиция Тегерандагы Чоң базарда рейд жүргүзүп, нааразылык акциясына чыккандарга көздөн жаш агызган газ колдонду.

Былтыр жыл этегинде Иранда тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан нааразылык жыйындары өлкөнүн ар кайсы шаарларында өткөн. Бир жумадан ашкан нааразылык акцияларынын учурунда кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылып, 1700дөн ашуун киши камакка алынган.

XS
SM
MD
LG