Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Китепканалардын форуму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жалал-Абад облусунда китепканалардын республикалык Х форуму өтөт. “Региондорду өнүктүрүү жылында коомдук китепканалардын ролу” деп аталган иш-чарага бардык аймактардагы китепкана өкүлдөрү катышат.

Мындан сырткары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүдө китепканалардын ролу талкууга алынат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынат. Китепкана иштерин өркүндөтүүгө салым кошкон республиканын китепкана кызматкерлери сыйланат.

Форумдун алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республикадагы айылдык, райондук, шаардык, облустук китепканаларга жалпы суммасы 15 млн. сомдук китептерди берет. Алардын арасында акыркы жылдары кыргыз тилинде басылган тематикалык чоң спектрдеги жана илимий, көркөм адабияттар, энциклопедиялар, окуу куралдары бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы фонду 19 миллион китепке жеткен 3 миңге жакын китепкана иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG