Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу өтүп жатат.
Талкууга парламент депутаттары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, министрликтердин, муфтияттын, диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер катышууда.
Бул мыйзам долбоору Коопсуздук кеңешинин дин тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.
Документти Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана депутаттар тобу даярдаган. Анда негизинен диний саясатты тескеген мыйзамга конфессия аралык мамиленин туруктуулугун бузуунун алдын алуучу жана диний уюмдардын укук жана милдеттерин тактаган өзгөртүүлөр киргизилүүдө. (ErN)