Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:28

Египетте парламент футбол командасынын чемпионатта жеңилишин иликтейт


Мохаммед Салах Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен Грозныйдын стадионунда. 10-июнь, 2018-жыл.

“Ал-Арабия” телеканалынын кабарлаганына караганда, Египет парламентинин Жаштар жана спорт иштери боюнча комитети эмне үчүн алардын курама командасынын машыгуу базасы Орусиянын футбол чемпионатын кабыл алган шаарларынан алыс – Грозныйда жайгашканын аныктоону көздөп жатат.

Парламент комитети ошондой эле "Египеттин футболчулары жашап-машыккан мейманкана менен базага ишкерлер менен артисттер эмне үчүн киргизилген?" деген суроого да жооп алгысы келет.

Египет парламентинин депутаттары мындан сырткары курама команданын жарым коргоочусу Мохаммед Салах Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен кечки сый тамакка катышып, "Чеченстандын ардактуу жараны" деген наам алганына да көңүл бурушкан.

Мурдараак СNN телеканалы Салах ал саясий максатта колдонулушун каалабай турганын, Египеттин курма командасынан кетиши мүмкүн экенин кабарлаган.

Египеттин курама командасы Уругвайдан, Орусиядан, Сауд Арабиясынан утулуп, чемпионаттын кийинки айлампасына чыкпай калган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG