Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш Чынара Садырова менен Аскат Сыдыковду Жогорку соттун судьялыгына шайлады. Судьялыкка талапкерлерди президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырып, мамлекет башчынын сунуштамасын окуп берди.
Эл өкүлдөрү сот реформасы эмнеден башталышы керек экендиги, соттун жүрүмүн видеого түшүрүү маселеси боюнча талапкерлердин пикирине кызыгышты. Ошону менен катар депутаттар коомчулукта сот органдарына элдин ишеними төмөн экенин эске салып, адамдардын тагдыры боюнча чечим чыгарууда калыс мамиле кылууга чакырышты.
Жыйынтыгында бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Чынара Садырова 100, Аскат Сыдыков 95 добуш менен Жогорку соттун судьясы болуп шайланып, ант беришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин адвокаттар жана жарандык активисттер "паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштейт" деп эсептеген соттордун "кара тизмесин" түзүп, президентке жөнөтүшкөн. (КЕ)