Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

КСДП Сапар Исаковдун аброюн коргоп, комиссияга даттанды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун аброюн коргоо максатында маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга даттанды. Аталган комиссиянын өкүлдөрү "Азаттыкка" кабарлашкандай, арызды партия өкүлү Кундуз Жолдубаева 21-июнда жазган.

Анда "Кабар-инфо" гезитинин быйыл 15-июндагы санында жарык көргөн макалада Сапар Исаковдун аброюна шек келтирген, бир тараптуу каралаган макала чыкканы айтылат. Макалада Исаков менен "Газпром-Кыргызстан" компаниясынын ортосунда "мыйзамсыз кызматташтык болгону" белгиленген. Арыз ээси макала Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексине канчалык ылайык келерин териштирип берүүнү өтүнгөн.

Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын төрагасы Шамарал Майчиев даттануу кабыл алынып, карала баштаганын билдирди. "Азаттык" азырынча "Кабар-инфо" гезити кимге таандык экенин тактай алган жок жана басылма менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Он жылдан ашуун убакыттан бери Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштеп келатат. Комиссия басылмаларга болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) чууга байланышы бар кишилердин бири катары камакка алынган. Азыр ал КСДПнын төрагасынын орун басары.

XS
SM
MD
LG