Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматында окуя 27-июнда Кадамжайдагы көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгону айтылат.
“Өзбекстандын 29 жаштагы тургуну чек ара көзөмөлүн кыйгап өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Анын жанында эч кандай документи жок болуп чыкты” деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан кабарда.
Шектүү адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (RK)