Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Башкы прокурор 25-июнда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") каралган белгилер боюнча иш козгоду. Тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.
Шадиевге Башкы прокуратура КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу да 28-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козгогон.
Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле келе элек.
УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.
Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган. (UEz)