Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Фарид Ниязов Самудиновдун айткандарына жооп кайтарды


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов жарандык активист Ренат Самудиновдун кайрылуусуна комментарий берип, "качкын макамын алууну көздөп сүйлөгөн сөзү өз абийиринин иши экенин" билдирди. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Партиянын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов 29-июнда видеокайрылуу жасап, азыр АКШнын Чикаго шаарында экенин, ал жакта жубайы Элнура Молдокадырова менен мыйзамдуу жашап жүргөнүн айткан. Ал Фарид Ниязов менен партиянын дагы бир мүчөсү, парламент депутаты Данияр Аттокуров тарабынан коркутуулар болгондуктан, Кыргызстандан кетип, АКШдан башпаанек сураганга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Фарид Ниязов Самудиновду жөндөмдүү жигит экенин белгилеп, партияда калтырууга аракет кылганын, жардам берип жүргөнүн айткан. Аттокуров экөөнүн көз караштары төп келбесин да четке каккан эмес.

Ренат Самудинов 2017-жылдын августунда партиядан чыгарылган. Буга КСДП президенттикке Сооронбай Жээнбеновду көрсөткөндө, Самудинов ага каршы чыкканы себеп болгону расмий айтылган.

Былтыр Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалган. Алардын башпаанек сураган өтүнүчүн АКШнын миграциялык соту карап жаткан эле. Жубайлар андан бери коомчулукка чыга элек болчу.

Ренат Самудинов сот иштери бүтүп, АКШда мыйзамдуу жашаганга уруксат алганын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG