Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Австрия соту документте үчүнчү жынысты көрсөтүүгө уруксат берди


Австриянын Конституциялык сотунун мүчөлөрү
Австриянын Конституциялык сотунун мүчөлөрү

Австриянын Конституциялык соту жарандардын расмий документтерине үчүнчү жыныс тууралуу маалымат жазууга уруксат берди. "Associated Press" 30-июнда кабарлагандай, буга өзүн интерсексуал деп кабыл алууну өтүнүп кайрылган жарандын арызы негиз болду.

Соттун чечимин оппозициялык партиялар колдоду, Австриянын эркин партиясы сындап чыкты. Оңчул-популисттик бул партия мындай чечим армияда кызмат өтөөдө же пенсия дайындоодо көйгөй жаратышы мүмкүн деп эсептейт.

Үчүнчү жынысты документте көрсөтүүгө Голландия уруксат берген.

Былтыр жыл аягында Германияда үчүнчү жыныс маселеси козголгон. Тийиштүү мыйзам быйыл кабыл алынышы мүмкүн.

Интерсексуал бул - эркектик да, аялдык да белгилери бар адам.

XS
SM
MD
LG