Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:43

Казакстанда активист Тунгышбаев эки айга камалды


Муратбек Тунгышбаев Бишкектин Октябрь райондук сотунда. 19-июнь, 2018-жыл.

Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки айга камалды.

Активисттин адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдиргендей, Алматынын Алмалы райондук соту адегенде Тунгышбаевди үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Бирок прокуратуранын нааразылыгынан кийин ишти шаардык сот карап, Тунгышбаевди эки айга камоону чечти. Ал учурда Алматынын тергөө абагында отурат.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Кыргызстан активистти 26-июнда Казакстанга өткөрүп берген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG