Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Евробиримдик Кыргызстанга 174 миллион евро жардам берди


Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини.
Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини.

Европа Биримдиги 2014-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанга 174 миллион доллар жардам бөлдү.

Мындай маалыматты ушул уюмдун өкүлү Люк Девин Бишкекте Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча жаңы келишим талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, жардам негизинен реформаларды жүргүзүүгө багытталган. Акча бөлүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына басым жасалат.

Берилген акчанын көбү билим берүү, социалдык коргоо жана шайлоо системаларын жакшыртууга сарпталууда.

Ал эми жаңы келишим сегиз бөлүмдөн турат. Анда инвестицияга, эркиндикке, коопсуздукка жана климаттын өзгөрүшүнө артыкчылык берилген.

Европа Биримдиги менен Кыргызстан эки тараптуу мамилени бекемдөөгө багытталган кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү былтыр жыл соңунда баштаган. Буга чейинки макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн.(NT)

XS
SM
MD
LG