Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Москвада кыргызстандыктар ачкан клиникалар 30дан ашты


Москва.
Москва.

Москвада кыргызстандыктар ачкан медициналык клиникалардын саны 30дан ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан кабарда айтылат.

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата алардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда спартакиада өттү. Мыкты көрсөткүчтөргө жетише алгандарга элчиликтин атынан ыраазычылык каттары тапшырылды.

Москва шаары жана Москва облусунун аймагында ачылган көп багыттуу медициналык клиникалар кыргызстандык мигранттарды да, жергиликтүү тургундарды да тейлешет.

Расмий маалыматка караганда, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар жарым миллиондон ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG