Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

3-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-июлда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Бакен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 23...28

Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30,

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...14, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG