Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:24

Бишкекте мыкты бүтүрүүчүлөргө “алтын сертификат” тапшырылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө президент Сооронбай Жээнбековдун алтын сертификат тапшыруу аземи бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болот. Бул тууралуу президенттик аппарат билдирди.

Кыргызстанда быйыл 59 400дөн ашуун окуучу 11-классты аяктады. Тестирлөөдө өлкө боюнча 59 бүтүрүүчү эң жогорку упай менен алтын сертификат алды. Анын 43ү Бишкек шаарына таандык.

Тестирлөөдө экинчи борбор эсептелген Ош шаарынын үч бүтүрүүчүсү гана эң жогорку упай топтогону коомчулукта сынга алынууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG