Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Пакистанда кол салуудан алты аскер жана эки полиция кызматкери көз жумду


Пакистан армиясынын жоокери.
Пакистан армиясынын жоокери.

Пакистандын расмий адамдарынын маалыматы боюнча, алты аскер жана эки полиция кызматкери эки башка жерде болгон кол салуудан мерт болду.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Белужистан провинциясында 2-июлда согушкерлер ок атып, ракеталык граната ыргытканда алты аскер мүрт кетип, дагы эки жоокер жаракат алган. Бул кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик алган жок.

Кен байлыктарга бай Белужистан провинциясы Ооганстан жана Иран менен чектешет. Аймак 2004-жылдан бери миңдеген адамдын өмүрүн алган жоочулардын чабуулдарынан жана жикчил топтордун кагылышынан жапа чегип келе жатат.

Пакистандын расмий адамдары кабарлагандай, Түндүк Вазиристан аймагындагы кол салуудан болсо эки полиция кызматкери көз жумду. Бул кандуу окуядан дагы бир мамлекеттик кызматкер жана бир полициячы жарадар болгон.

Согушкерлер 2014-жылга чейин Түндүк Вазиристанда ээн-эркин жүрүшкөн. Пакистан армиясынын ошол жылы жасаган жапырыгынан кийин алардын көбү кошуна Ооганстанга качып өткөн. Алар азыр да чабуулдарын улантып келе жатышат.

XS
SM
MD
LG