Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Ысык-Көлдүн жолунда 25 жаңы даараткана салынат


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Туристтерге ыңгайлуу шарт түзүш үчүн Бишкек - Чолпон-Ата унаа жолунун боюндагы дааратканаларды ишкерлерге өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов билдирди.

Мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караган бир нече даараткана курулган, бирок бир жылдын ичинде антисанитариялык акыбалга жеткен.

- "Жолдун боюнда 10-15 сотка жер болсо, бардык керектүү шарттарды түзүп, канализациясын өткөрүп, жарыгын кошуп берели" деп айтып эле келе жатабыз. Акыры жүрүп ушуга эле барганы калдык. Азыр көлгө бара турган жолдо 20-25 токтой турган жер аныкталды. Бул жерлерди эми жеке секторго бере баштайбыз. Биз даараткананын жанына кичинекей дүкөн, кофекана, туристтик маалымдама берүүчү стенддер сыяктуу чакан долбоорду иштеп чыктык, ошол стандартка ылайык курушат, - дейт Жамангулов.

Жыл сайын Ысык-Көлгө келип эс алып кеткен туристтердин саны миллиондон ашат. Бирок жолдогу даараткана маселеси такыр чечилбей келатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG