Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Канатбек Исаевди бийликти басып алууга айыптаган иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Канатбек Исаевди бийликти басып алуу аракетине байланыштуу айыптаган кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди.

Адвокаттын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн судья Мирлан Термечиков ушундай чечим чыгарды.

Тергөө толук жана калыс өтпөгөнүн айткан адвокаттар ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү кечээ өтүнүшкөн.

Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Ал эми Исаевге карата ага чейин козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулду. Ал "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда жемкорлук кылган" деп айыпталып жаткан болчу.

Канатбек Исаев - Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты. (RK)

XS
SM
MD
LG