Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Анкарадагы түркологдор шеринеси: Сүрөт баян

Акмат Жүгнекинин “Атабат ул-хакайык” эмгеги жана башка түрк тилдүү эрте мусулман жазма булактарына арналган эл аралык түркологиялык симпозиум кулжа (июнь) айынын 28-30дарында Анкара шаарында өттү.


Быйыл дүйнө коомчулугу тарабынан Карахандар каганатында жашаган даңазалуу сопу, ойчул, насаатчы Акмат Жүгнекинин (Йугнекинин) "Атабату л-хакайык" (“Акыйкаттарга жетүүнүн орошон жолдору”; “Акыйкаттар эшиги”) эмгегинин алгачкы ирет басмадан жарык көргөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Бул мааракеге байланыштуу "Атабату л-хакайык" жана башаттык мусулмандык доордогу түрк тилдериндеги чыгармалар" аттуу эл аралык симпозиум (Atebetü'l-Hakâyık ve İlk Dönem Türkçe İslâmî Eserler Sempozyumu) Түркиянын борбору Анкара шаарында 2018-жылы кулжа (июнь) айынын 28-30дарында өткөрүлдү.

Негизги уюштуруучу болгон "Йени Түркийе" стратегиялык изилдөө борборуна караштуу Түрк Дүйнөсү институтуна бул эл аралык илимий шеринени уюштурууда Түркия Кызматташтык жана Өнүгүү агенттиги (ТИКА) жана Түркиянын маданият министрлиги көмөкчү болушту.

Шеринеге Кыргызстан, Албания, Азербайжан, АКШ, Босния-Герцеговина, Германия, Ирак, Иран, Казакстан, Кипр, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Украина ж.б. өлкөлөрдөн жана Түркиянын ар кыл чөлкөмдөрүнөн келген тарыхчы, тилчи, булак таануучу ж.б. адистер катышты.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG