Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

2019-жылдан тарта чет өлкөгө чыккан балдарга берилчү кошумча барак жоюлат


2019-жылдан тарта чет өлкөгө чыккан ар бир бала тууралуу маалымат жазылган кошумча барак (вкладыш) жоюлат.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, ар бир ата-эне башка өлкөгө чыга турган балдары үчүн жалпы жарандык паспорт гана алышы керек.

Буга чейин айрым тургундар балдарга берилген вкладыш жок болгондуктан, балдары менен чет жакка чыга албай жатканын айтышкан. Эржигитов бул маселе чечилгенин кошумчалады.

- Вкладыштарга тендер жарыяланышы керек. Эки жолу тендер болбой калып, бир ай убакыт ошого кетип калды. Азыр бардык жерде жылдын аягына чейин жетиштүү. Кийинки жылдан тарта вкладыштар таптакыр жоюлат. Балдарга жалпы жарандык паспорт алуу жетиштүү.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы балдарга жалпы жарандык паспорт берүү жолдору жеңилдей турганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG