Өзбекстандын Самарканд облусунун Каттакурган шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 30 жаштагы Санат Умаров камакка алынды. Ага "ыйгарым укуктарынан аша чапкан, кыйноо колдонгон" деген кине коюлду.
"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме берип жазып чыккандай, тергөөчү базарда "акча уурдаган" деген шек менен кармалган эки аялды "жылаңач чечинтип, кордогон" деп айыпталып жатат. 4-июлда прокуратура Санат Умаровго каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.
Санат Умаров баштаган милиция кызматкерлери Каттакурган шаардык ички иштер бөлүмүнө 3-июнда базарда акча уурдоого шектүү эки аялды алып келишкен. Аларды жылаңач чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүп, кемсинтишкен. Эч нерсе табылбагандан кийин, аялдардын кармалганы тууралуу тиешелүү документ толтурбай эле аларды коё беришкен.
Бул ишке катышкан дагы бир милиция кызматкеринин тагдыры азырынча белгисиз.