Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

Жалал-Абадда чек арада мал багып жүргөн 11 өзбекстандык кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кыргызстандын чек арасына жакын жерде мал жаюуга аракет кылган 11 өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, өзбекстандыктар Бетегелик деген жайытта чатыр тигип жаткан учурда кармалган. Сурак учурунда алар Кыргызстандын аймагына адашып өтүп кеткенин моюнга алышкан.

Кармалгандар 800дөй кой-эчки, 100дөн ашуун бодо малы жана жылкылары менен кошо Өзбекстандын чек ара кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG