Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Британиянын Брексит боюнча министри кызматтан кетти


Дэвид Дэвис.
Дэвид Дэвис.

Британиянын Брексит боюнча министри Дэвид Дэвис өкмөттүн Евробиримдиктен чыгуу боюнча планына каршы экенин жана аны аткара албасын айтып, кызматын тапшырды.

Премьер-министр Тереза Мэйдин кабинети жума күнү “жумшак Брексит” планын кабыл алган. Бул "Британия байланыштарды анча кескин үзбөйт жана жаңы соода келишими азыркыдан көп айырмаланбайт" дегенди билдирет. Девис британ өкмөтү Еврошаркеттин бажы биримдиги менен жалпы базарынан чыккысы жок экенин белгиледи. Брекситти колдогондордун максаттарынын бири - Еврошаркет базарына байланбастан, дүйнөдөгү башка өнөктөштөр менен өзү каалагандай соода жүргүзүү болчу.

Британдыктардын 54% 2016-жылы өткөн референдумда Брекситти - Европа Биримдигинен чыгууну колдогон.

Бүгүн өкмөт башчы Тереза Мэй дароо эле Брексит боюнча министр кылып Доминика Раабды бекитти. Ал буга чейин турак жай министри болуп келген.

XS
SM
MD
LG