Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Исаковдун иши боюнча эксперттик кызматтын жетекчилерине иш козголду


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Башкы прокуратура экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айыптоолоруна жооп берип, бул иш боюнча Мамлекеттик эксперттик кызматтын жетекчилерине иш козгогонун кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматкери Наргиза Кубатованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияны иликтеш үчүн соттук-курулуш-техникалык комплекстүү экспертиза дайындалган. Ал эксперттик топко эксперттик кызматтын жетекчилиги таасир этип, алар документтерди иликтебей туруп 25-июнда мыйзам бузуу менен туура эмес жыйынтык чыгарып салышкан.

- Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жооптуу кызматкерлерине жана башка жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”) негизинде кылмыш иши козголду. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эки жетекчиси жана бир кызматкери камакка алынган. Тергөө уланууда, - деди Наргиза Кубатова.

Башкы прокуратура ошондой эле адвокат Токтакуновдун "Башкы прокуратура менен УКМК экспертизанын ишине кийлигишти" деген дооматын четке кагууда.

Буга чейин экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов "Башкы прокуратура менен УКМКнын кызматкерлери өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын ЖЭБди оңдоого байланыштуу жасалып жаткан экспертизасына кийлигишип жатат" деп айыптап чыккан.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча чууга байланышы бар кишилердин бири катары камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен айып коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG