12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
12-июлда күндүз да кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө түнү да, күндүз да жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19...24, күндүз 30...35;
Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38;
Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 33...38;
Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28 градус болот.
12-июлда Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт. (ErN)