Бишкекте “Тазалык” ишканасынын жумушчусу ур-токмокко кабылып, Травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Тазалыктын” басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Каракееванын айтымында, окуя 11-июлда Лущихин көчөсүндө жол талашуудан улам болгон.
- “Акыркы контейнерди бошотуп алганча күтө тургула” деп биздин жумушчулар суранганча эле эки бала келип таштанды жүктөлүүчү машиненин айдоочусун жетелеп кетишти, калган экөө дагы бир жумушчубузду муунтуп, таш менен ура башташты, - дейт ал.
“Тазалык” ишканасы милицияга арыз жазды. Жабыркаган жумушчу ооруканада. Милиция азырынча комментарий бере элек.