Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:34

Грек бийлиги орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарды 


Греция менен Македония премьерлери Алексис Ципрас жана Зоран Заев Македониянын аталышын өзгөртүү тууралуу макулдашуудан кийин. 17-июнь, 2018-жыл.

Грециянын дипломаттарды чыгаруу жана өз аймагына алардын киришине тыюу салуу тууралуу чечими алар "Македония менен макулдашууга жолтоо болууга аракеттенди" деген шек менен байланыштуу.

"Associated Press" агенттиги бийликтеги анонимдүү булакка таянып билдиргендей, Греция бул чечимди аткарыш үчүн Орусияга бир күн убакыт берди.

Буга чейин грек өкмөтү эл аралык укуктардын бузулушун жана өлкөнү сыйлабагандарды кабыл албай турганын билдирген. Орусиялык "Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да Грецияга ушундай эле чара менен жооп кайтармакчы.

Буга чейин грециялык "Катемирини" гезити, орусиялык дипломаттар өткөн айда Македония менен түзүлгөн келишимди бузууга аракеттенгенден кийин бийлик аларды чыгарууга буйрук бергенин жазып чыккан. Бул келишим Греция менен Македониянын ортосундагы көп жылдык келишпестикке чекит коеру күтүлүп жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG