Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Түркияда эки жыл мурдагы окуялар эскерилди


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аялы Эмине менен. 9-июль, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аялы Эмине менен. 9-июль, 2018-жыл.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда ишке ашпай калган бийликти кулатуу аракетинин курмандыктары эскерилди. Андагы кагылышууларда 250 киши курман болгон. Президент Режеп Тайып Эрдоган баш болгон бийликтин өкүлдөрү Анкарада эки жыл мурда бул күнү курман болгондордун элестерине багыштап куран окушту.

2016-жылы 16-июлга караган түнү аскерлер танктарды, аскердик учактарды жана тик учактарды колдонуп, президент Эрдоганды бийликтен алууга аракет кылышкан. Кагылышуулар Түркиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Стамбул менен Анкарада да болгон.

Расмий Анкара бийликти кулатуу аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен турган деп айыптап келет. Гүлен мындай айыпты четке кагып, эч тиешеси болбогонун айтууда.

Ал окуядан бери түрк бийликтери Гүлен менен байланышы бар деген шек менен он миңдеген адамдарды, алардын арасында жайкын тургундарды, журналисттерди, мугалимдерди кармады. Ушундай эле кине менен он миңдеген адамдар иштен алынды.

Укук коргоочулар президент Эрдоганды сынга алышып, бийликти кулатуу аракетин ага каршы ойдогуларды тазалоо катары колдонгону үчүн айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG