Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:11

Мэй: Трамп Евробиримдикти сотко берүүнү сунуштады


АКШ президенти Доналд Трамп жана Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мей. 13-июль, 2018-жыл.
АКШ президенти Доналд Трамп жана Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мей. 13-июль, 2018-жыл.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп ага Евробиримдикти сотко берүүнү сунуш кылган.

Трамп өзү 13-июлда Мэй менен биргелешип журналисттерге курган маалымат жыйынында британ өкмөт башчысына сунуш киргизгенин, бирок Мэй ал сунушту "абдан катаал" деп эсептегенин айткан.

15-июлда Би-би-синин кабарчысынын "ал эмне деген сунуш эле?" деген суроосуна жооп берип жатып Мэй "Ал мага Евробиримдикти сотко беришим керектигин айтты. Ал сүйлөшүүлөргө барба, сотко бер деди"-деп айтты.

Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын март айында чыгышы керек. Мындай чечим 2016-жылдын жайында өткөрүлгөн референдумдан кийин кабыл алынган. Анда Британия калкынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен чыгууну жактырган.

XS
SM
MD
LG