Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Бишкекте киши өлтүрүү боюнча отуз факты катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын башынан бери Бишкекте киши өлтүрүү боюнча отуз факты катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, быйыл каттоого алынган зордуктоо фактыларынын саны 34кө жетти. Киши өлтүрүү кылмыштарынын дээрлик баарынын бети биринчи күндө ачылат. Кылмыштын бул оор түрү боюнча 30 иштин 27си сотко жиберилген. Ал эми зордуктоо боюнча 34 иштин 31и сотко өткөн.

Кыргызстанда жасалган кылмыштардын теңине жакыны же 43,3 пайызы Бишкекте болот.

Сталбек Рахманов бүгүн Бишкек шаардык милициясынын 2018-жылдын жарымында аткарган иши тууралуу маалымат берди.

XS
SM
MD
LG