Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Президент ротациялоо маселесин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кадрларды ротациялоо салтын жандандыруу маселесин көтөрдү.

Таласта 12-июлда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда мамлекет башчы кадрларды өздөрү туулуп-өскөн аймагынан башка региондорго жөнөтүүнү күч органдарынан башташ керек экенин билдирди.

Талдоочулар ротациянын жакшы жактары көп экенин белгилешет, бирок ошол эле учурда бул ыкма кодулоонун, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоонун бир амалы болуп калбашы керек экенин эскертишет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Таласта сүйлөгөн сөзүндө ушул тушта күч түзүмдөрүндө, тактап айтканда, ички иштер органдарында, сот, прокуратура тармагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясында) иштегендердин басымдуу бөлүгү өздөрү туулуп-өскөн аймакта экенин белгиледи. Мамлекет башчы мындай көрүнүш кылмыштуулук, коррупция менен күрөшкө залалын тийгизерин айтты. Ошондуктан ал ротацияны биринчи кезекте укук коргоо органдарынан — прокуратура, милиция, УКМК, Финполициядан башташ керектигин белгиледи. Президенттин пикиринде, кадрларды ротациялоо ошол кызматкерди адис катары такшалтат жана алар барып иштеген жеринде дос, жоро-жолдош, куда-сөөк күтүп, бул аймак аралык ажырымды азайтат:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Кадрларды аймактар арасында ротациялоо салтын кадр саясатына киргизе турган мезгил жетти. Биз ушул салтты жандандырышыбыз керек. Түндүккө келсем "түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти" дешет, түштүккө барсам "түндүктөн көбөйүп кетти" дейт. Райондорго барсаң, милициянын башчысы, прокурор, УКМК ошол райондон отурат, милициянын 80 пайызы ошол райондун балдары. Алар анан кылмыштуулук жана коррупция менен кантип күрөшөт? Бул мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Султан Ибраимов - Чүйдүн кулуну - Ошко барып иштеген, аны бүгүн да жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Акматбек Сүйүнбаевди, Бейше Жапаровду, Арстанбек Дүйшеевди, Корчубек Акназаровду, Рысбек Айдаралиевди, Бекмолдо Ишимовду, Бусурманкул Табалдиевди, Өмүрбек Субаналиевди атасак болот.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында өзү туулуп-өскөн аймактан башка жерде губернатор, аким же кайсы бир тармактын башчысы болуп иштеп келген кадрлар саналуу эле. Алардын бири Накен Касиев 2000-2005-жылдары Ош облусунун губернатору болгон:

Накен Касиев.
Накен Касиев.

- Ошол кадр эл-журт менен жакшы таанышат. Экинчиден, калыс, акыйкат болот. Өзүңдүн жериңде иштесең, кандай болгондо да тууганчылык, жакындарың, куда-сөөк деген бар. Алар ар кандай маселеге, кадрлар маселесине да аралаша баштайт. Ишке тоскоолдук да кылат. Ротация менен барган кадр бардык маселеге калыстык кылат. Өзүңдү таза, сак алып жүргөнгө мажбур болосуң. Бул абдан жакшы нерсе. Буга чейин муну Алмазбек Атамбаев да убада берсе да жасаган эмес, Курманбек Бакиевдин тушунда сазга батып калганбыз, анда трайбализм күчөп кеткен. Эгер Сооронбай Жээнбеков муну ишке ашырса, анда эң чоң иштеринин бири болуп калат.

Милициянын генерал-лейтенанты, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев "кадрларды ротациялоо күч органдарынан башташ керек" деген сунушту колдой турганын айтты:

Өмүрбек Кутуев.
Өмүрбек Кутуев.

- Акыркы он жыл ичинде ар ким өз аймагында, өз жеринде бий да, болуш да болуп алды. Мурда СССРдин тушунда милициянын мектебин бул жактан бүткөн балдарды Хабаровскиге айдашчу. Ошол жакка барып иштеп келгендер көп да. Үй-жай деген маселе деле эмес, милиция, прокурор болгуң келсе үй-жайы жок деле иште. Убагында мен деле үй-жайы жок иштегем. Ошол барган жердин элинин салтын көрөсүң, сыйын көрөсүң, түндүк-түштүк деген маселе ошондо жок болот. Бардык жерде эле бирдей кишилер экенин билесиң. Мисалы, кийинки убакта Талас менен Нарынга барбай калышкан. Бул жакта окугандан кийин "Бишкекте, Чүйдө же Ошто, Ысык-Көлдүн Чолпон-Атасында эле калыш керек" деп калышкан. Башка аймактарда жок дегенде үч жыл иштеп келиш керек.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурунку башчысы Чолпонкул Арабаевдин пикиринде, кадрларды ротациялоодо биринчи кезекте ошол адистин иш билгилигине, кесипкөйлүгүнө басым жасалышы керек. Ал кадрларды ротациялоо ошол кызматкерлерди "жазалоонун" бир ыкмасына айланып калбашы керек экенин да эскертти:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

- Эгемендик алгандан бери "кандай болсо да өзүбүздүн айылдан болсун" деген көрүнүш калыптанып калбадыбы. Ошол кадрдын кесипкөйлүгүнө карабай эле айыл өкмөттөн баштап акимге, губернаторго чейинки кызматты жергиликтүү кадрлар ээлеп алышты. "Эми түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө кадр жөнөтөт" дегенди "президент айтты" деп эле оңду-солду жасай бербей, кылдаттык менен акыйкат караш керек. Ротация десе эле шарты катаал, алыскы аймакка жазалоо катары сүргүнгө айдап жиберүү туура эмес. Экинчиден, сөзсүз түрдө каржылык чыгымдар болот. Ошол аймакка барган кадрларга да шарт түзүп бериш керек. Аны турак жай менен камсыз кылыш керек, балдарынын мектепке орноштуруш керек. Кадрларды ротациялоо сөзсүз түрдө керек. Коррупциялык схема болуп, жалпак тил менен айтканда баары тааныш-билиш, камыр-жумур болуп кетпеши керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин аймактык ажырым тууралуу сөз кылган. Анда ал элди "түндүк-түштүк" деп бөлгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертип, бул маселени атайлап козутуп жаткан чагымчыл топтор бар экенин айтканы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG