Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Абылгазиев Грузиянын президенти менен жолугушту


Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту. 17-июль. 2018-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту. 17-июль. 2018-жыл.

Тбилисиде "Ачык өкмөт" эл аралык демилгесинин саммитине барган кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили жана премьер-министри Мамука Бахтадзе менен жолугушуп, эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өкмөт башчы Грузиядагы жумуш сапарынын алкагында Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигинин туристтик тармакты жана пенсиялык тутумду реформалоо жаатындагы, Финансы министрлигинин фискалдык саясат тармагындагы ишмердиги тууралуу маалымат алды. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Абылгазиев "Ачык өкмөт" эл аралык өнөктөштүк демилгесинин башкы директору Санжай Прадхан менен жолугушуп, Кыргызстандын бул демилгеге катышуусун талкуулады.

Кыргызстан “Ачык өкмөт" демилгесине былтыр ноябрь айында кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG