Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Башкы прокуратура: коррупция менен күрөштөн дагы 20 млн. сом өндүрүлдү


Башкы прокуратура коррупция менен күрөштөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине 20 миллион 324 миң сом которду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы бүгүнкү күндө 130 миллион сомго жакындады.

Күч органдары кайтарылган каражат кайсы фактылар боюнча жана кимден өндүрүлгөнүн ачык жарыялай элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG