Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында издөөдө жүргөн чет элдик жарандарга мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын паспортун жасатып берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка караганда, Көк-Жаңгак шаардык калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнөн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Гусейинов Мухаммад Раджапович деген ысым менен паспорт берилген. Текшерүү жыйынтыгында бул паспорт мыйзамсыз даярдалганы жана аталган адам эч качан Көк-Жаңгакта жашабаганы, кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Мөөр, штамп жана башка документтерди жасалмалоо” беренелери менен иш козголгон. Көк-Жаңгак шаарынын калкты каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.
Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районунун каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери издөөдө жүргөн орусиялык кылмыштуу топтун мүчөсүнө паспорт жасап бергени үчүн камакка алынган эле. (BkA)