Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

ӨКМ: Күндүн ысыгы дагы 40 градуска жетет


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Синоптиктер 20-23-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык болорун эскертүүдө.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз 37-40 градуска жетет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу керек экенин билдирди.

7-9-июлда да Кыргызстанда күн ысып, көлөкө тийбеген асфальт жерлерде 60 градуска жеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG