Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Орусия: түрмөдөгү кыйноо боюнча бир адам кармалды


Ярославлдагы №1 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамды кыйноого алган кызматкерлердин бири кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу "Общественный вердикт" фондунун укук коргоочулары маалымдашты. Алардын билдиришинче, абактын кызматкери Максим Яблоковдун колуна кишен салып алып кетишти. Бирок бул боюнча расмий органдар маалымат жарыялай элек.

2017-жылдын июнь айында №1 абак жайда жаткан Евгений Макаров катуу сабалган. Анда Тергөө комитети иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок мыйзам бузуу аныкталбаганын билдиришкен.

Бирок ушул аптада "Новая газета” басылмасынын сайтында бул окуя боюнча видео тасма жарыяланып, ал социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Ал тасманы абактын кызматкерлеринин бири тарткан. Анда Жаза аткаруу федералдык кызматынын формасын кийген бир нече адам Макаровду чечиндирип, союл менен кезектешип сабап, башына суу куюп жатканын көрүүгө болот.

Бул видео жарыялангандан кийин Жаза аткаруу федералдык кызматы териштирүү жүргүзүп, ал эми факт боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон.

"Общественный вердикт" фондунун укук коргоочулары кыйноого катышты делген 12 кызматкердин аты-жөнүн тактай алды. Жалпысынан Макаровду 18 адам ур-токмокко алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG