Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Жээнбеков: Терс көрүнүштөргө каршы тайманбай күрөшкөн калемгерден айрылдык


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

“Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу.

Жаш журналистти шум ажал арабыздан алып кетпегенде, келечекте дагы далай жемкорлордун чыныгы жүзүн ашкерелеп, далай кыңыр иштердин бетин ачмак! Тилекке каршы, журтубуз, кыргыз журналистикасы коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы тайманбай күрөшкөн таланттуу жаш калемгерден айрылды.

Уланбек инимдин бир туугандарына, ата-энесине, жакындарына жана “Азаттыктын” чыгармачыл жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын жигердүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот” деп айтылат президент Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуусунда.

Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.

"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.

XS
SM
MD
LG