Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:26

Пакистандагы шайлоодо Имран Хандын партиясы жеңип чыкты


Пакистандын болочок премьер-министри Имран Хан.
Пакистандын болочок премьер-министри Имран Хан.

Пакистандагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары оппозиция лидери Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы Улуттук ассамблеядагы 272 орундун 109ун алганын көргөздү.

Бирок бул коалиция түзгөнгө жетишсиздик кылат, андыктан башка өнөктөштөрү менен биригүү талап кылынат.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин “Пакистан мусулман лигасы” партиясы Улуттук ассамблеядан 63 орун алды. Ал эми үчүнчү орун 39 мандат менен азыр мурдагы премьер-министр, маркум Беназир Бхуттонун 29 жаштагы уулу Билавал Бхутто Зардари жетекчилик кылган Пакистан элдик партиясына тийди.

Пакистандын Улуттук ассамблеясында 272 орун бар. Коалициялык өкмөт түзүш үчүн кеминде 137 мандат талап кылынат. (UE)

XS
SM
MD
LG