Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Бишкекте эки троллейбус линиясы убактылуу токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу №8 жана №10 троллейбус каттамдары 28-29-июль күндөрү токтоду. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады.

Ал эми №4 троллейбус Киев көчөсү аркылуу каттай баштайт.

Ишемби-жекшемби күнү Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилиши жабылганына байланыштуу ушундай чектөөлөр киргизилди. Аталган транспорттор 30-июлдан тартып кайрадан кадимкидей каттамга чыгат.

Кытай өкмөтү каржыланган “Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында баш калаада бир топ жолдор оңдолууда. Ага байланыштуу жолдор, кесилиштер жабылып, маршруттук каттамдар өзгөргөн. Анын ичинде бир нече троллейбус линиясы да убактылуу токтогон.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, шаарда азыр 131 троллейбус бар. Коомдук транспорттун бул түрү тогуз каттамдык линияны тейлейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG