Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстанда төрөгөн аялдардын 10 пайызы жыл айланбай кош бойлуу болот


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда орто эсеп менен жылына 160 миң аял төрөсө, алардын 10 пайыздан ашууну үй-бүлөнү туура пландабагандыктан бир жылга жетпей боюна бүтүп, кайра төрөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева “Азаттыкка” билдирди.

Ал кош бойлуулукту пландабагандыктан энелердин өлүмү боюнча өлкө Борбор Азияда биринчи орунда турарын да кошумчалады.

Ош облусундагы райондордо өтүп жаткан “Тукум улоочулук саламаттык укугу жөнүндө” мыйзамды талкуулаган жыйында сөз сүйлөгөн Асылбашева үй-бүлөнү пландоодо эркектердин да саламаттыгын оңдоп, билим деңгээлин көтөрүү зарыл экенин белгиледи. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG