Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Москвадагы митингде бир нече активист кармалды


Москвадагы митинг, 29-июль 2018-жыл.
Москвадагы митинг, 29-июль 2018-жыл.

Орус өкмөтүнүн талаштуу пенсия реформасына каршы Москвада өткөн митингде оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын жардамчысы баш болгон кеминде үч адам кармалды.

Кармалгандардын арасында Либертариандык партиянын лидери Сергей Бойко, Навальныйдын Москвадагы штабынын координатору Олег Степанов жана митингдин алып баруучусу Михаил Чичков да бар экенин Либертариандык партиянын басма сөз катчысы "Твиттерге" жазды.

Жекшемби күнү Москвадагы Академик Сахаров проспектисинде экинчи күн катары менен пенсия курагын көтөрүүгө каршы митинг өттү. Москванын полициясы бийлик уруксат берген бул акцияга 2,5 миңдей киши катышканын билдирди. Бирок уюштуруучулар митингге алты миңдей адам келгенин айтып жатышат.

Орус өкмөтү июнь айында жарыялаган планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Өкмөттүн сунушун Мамлекеттик Дума биринчи окууда колдоп берди. Бул реформа боюнча, 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек. Учурда Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат.

XS
SM
MD
LG