Мьянмадагы суунун ташкынынан элүү миңден ашык тургундар үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун "Reuters" агентиги билдирди.
Маалыматка ылайык, он миңдеген турак жай суу астында калып, бир нече көпүрөнү сел алып кетти, өлкөнүн борбордук аймагында жолдор, инфраструктура жана күрүч талаалары зыянга учурады.
Өлкөнүн куткаруу кызматы элди дарыя жана суу топтолгон жайлардан тез арада көчүп кетүүгө чакырууда. Анткени суунун деңгээли эң жогорку чекке жетти. “Кызыл чырымдын” жергиликтүү бөлүмү кырсыктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүп, суу ташкындаган аймактардан жарандарды кайык менен ташып жатат. Бириккен Улуттар Уюму да ар кандай гуманитардык жардам берүүдө.
Өлкөнүн президенти Вин Мьинт суу ташкынынан жапа чеккендердин саны 100 миңден ашышы мүмкүн экенин билдирди. Мьянмада жыл сайын жамгырлуу сезондогу бир нече суу ташкыны жана селден он миңдеген адам жабыркап, өлкөнүн инфраструктурасы талкаланат. 2015-жылдагы ири суу ташкындан 100 киши каза таап, 330 миң тургун көчүүгө аргасыз болгон. (TSh)