Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Бишкекте киши сатууга каршы көргөзмө өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-июлда Бишкектин Курманжан Датканын эстелигинин алдында кулчулук курмандыктарына арналган “Жакшы жашоо издеп...” аттуу көргөзмө өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара адам сатууга каршы жарыяланган өнөктүктүн алкагында өтүп жатат.

Киши сатуунун алдын алууга арналган иш-чарага бир нече эл аралык уюмдар өнөктөш болууда. Көргөзмөнүн максаты - кулчулукка кабылган каармандардын, чет өлкөдөгү мигранттардын жашоо-шартын, көйгөйүн коомчулукка жеткирүү.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG