Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Абылгазиев 100 күндө төрт мамлекет менен алты облуска барды


Абылгазиевдин Баткенге барган учурдагы сүрөтү. 18-июнь, 2018-жыл.
Абылгазиевдин Баткенге барган учурдагы сүрөтү. 18-июнь, 2018-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка келген 100 күн ичинде ал төрт мамлекетке жана Кыргызстандын алты облусуна жумушчу сапары менен барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, алгач ал Түркияга барып, 18-майда Стамбулда "Ислам кызматташтык уюмунун" кезексиз жыйынына катышкан. 31-майда Тажикстанга үч күндүк иш сапары менен КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына, 16-июлда эл аралык "Ачык өкмөт" демилгесинин Грузиядагы саммитине барган. Андан тышкары, Абылгазиев Евразия өкмөт аралык кеңешинин Орусиядагы жыйынына катышты. Ошондой эле Талас облусунан тышкары бардык аймактарга барып келди.

Абылгазиевдин өкмөт башчылыкка келгенине 28-июлда 100 күн болду. Парламенттин ишеним көрсөтпөө аракетинен кийин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 19-апрелде иштен кеткен. 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын командасы Жогорку Кеңештин колдоосу жана президенттин жарлыгы менен ишин баштаган. Жаңы өкмөттүн тең жарымы жаңы министрлер менен толукталган, ошол эле учурда мурдагы өкмөттүн курамындагылар да калган.

XS
SM
MD
LG