Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

1650дөн ашуун адам Кыргызстандын жарандыгын алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу жөнүндө төрт жарлыкка кол койду. Анын бири 1654 адамды (анын ичинен 1406 — чоң адамдар жана 248 — балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлык. Президенттин басма сөз кызматы тараткан кабарга караганда, Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып жаткандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар. Мындан сырткары мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен 1170 (анын ичинен 934 — чоң адамдар жана 236 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.

Өлкө эгемендик алгандан бери башка өлкөлөрдүн жараны болуп кеткен кыргызстандыктардын саны 50 миңдин тегерегинде. Ошол эле учурда Кыргызстандын да, Орусиянын да паспортуна ээ болуп, мыйзамсыз түрдө кош жарандык менен жүргөндөр да көп экени айтылат.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана ага кабыл алууга президент гана укуктуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG