30-июлда Бишкекте жүргүнчү ташуучу поезд велосипед тээп бараткан баланы сүзүп кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек-Москва каттамындагы поезддин машинисти сигнал бергенине карабай, 23-жаштагы тургун велосипед менен темир жолдон өтүүгө аракет кылган.
Акыркы учурларда поезд жөө тургундарды сүзүп кеткен учурлар көп катталууда. Андыктан адистер жарандарды темир жол эрежелерин эске алып, коопсуздукту сактоого чакырып келет. (TSh)