Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:59

Жол кырсыгынан үй-бүлө каза болду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Чүй облусунун Полтавка айылында BMW жана "Тойота Ист" үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, жаш жубайлар жана алардын эки жаштагы баласы каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык бүгүн, 31-июлда саат 8:00 чамасында болгон. "Тойота Истти" аял айдап бараткан, жанында жолдошу менен баласы болгон. BMW унааны капталынан сүзгөн. Натыйжада айдоочу аял менен анын жолдошу окуя болгон жерде мүрт кеткен. Жабыркаган бала ооруканада каза болду. BMWнын 25 жаштагы айдоочусу учурда ооруканада.

Кырсыктын себептери изилденип жатат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG